Кара-Кулжадагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды
- 1 год мурун
Кара-Кулжадагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 25-апрелде Кара-Кулжа районуна караштуу 1-Май айылынан агып өткөн каналга 42 жаштагы Ж.Э. аттуу адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Агын суудан издөө үчүн №66 ӨКБдан 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү