Кара-Кулжада турак үйдөн өрт чыкты

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

10-апрель күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы Алиев көчөсүндө турак үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө кечки саат 21:16да Кара-Кулжа райондук №13 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 23:08де толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 10 чарчы метр мору күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты