Кара-Кулжада Тар суусуна түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда
- 7 ай мурун
Кара-Кулжада Тар суусуна түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-апрелде Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 77-чакырымында (Күйүк тилкеси) УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (1997-жылы туулган И уулу А) рульга ээ боло албай жолдон чыгып Тар суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1999-жылы туулган С уулу Ж. аттуу жүргүнчү унаадан чыга албай, сууга чөгүп кеткен. 12-май күнү жергиликтүү бийлик тарабынан жазылган каттын негизинде, издөө иштерин улантууга жерине ӨКМден жалпы 23 куткаруучу, тез жардам кызматынан 2 кызматкер тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:30да убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. 13-май күнү улантылат.