Кара-Кулжада сел жүрдү

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, саат 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган. Ошондой эле Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок. Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты