Кара-Кулжада мектептен чыккан өрттүн себептери аныкталууда

  • 12 месяцев мурун

Кара-Кулжада мектептен чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, себептери аныкталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айыл аймагынын Кайың-Талаа айылында жайгашкан Кебек Мамаев атындагы орто мектеп күйүп жатат деген маалымат түшкөн.

Өрттүн кесепетинен 280 орундуу 1 кабаттуу мектептин болжол менен 684 чарчы метр аянты жана ага жанаша жайгашкан имараттын болжол менен 460 чарчы метр аянты, жалпысынан 1044 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Тилсиз жоо саат 15:28 өрт курчоого алынып, саат 20:20да өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө Кара-Кулжа райондук ӨКБнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу капитан И.Паизовдун жетектөөсү менен №66 ӨККБнөн 4 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылды. 100гө жакын жергиликтүү тургундар, чек арачылар, ыктыярдуу өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты