Кара-Кулжада 25 млн сомдук 50 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 25 млн 50 миң 750 сомдук 50 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 50 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.
Аталган соттук актылардын негизинде Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук талап келтирилип, анын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган.




