Кара-Кулжада 24 жаштагы келин асынган абалда табылды
- 3 месяца мурун
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы келин каза болгон абалда табылганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 18-июлда катталган. Айылдардын биринде жашаган, 2002- жылы туулган жергиликтүү тургун өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгону тууралуу кабар милицияга түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерде тиешелүү кароо жүргүзүлүп, күбөлөр суракка алынды.
Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына жараша мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда текшерүү иштери уланууда.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, маркумдун артында эки баласы калган.
Сүрөт: Интернет булактары
Муну бөлүшүү




