Кара-Көлдө өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаганга шектелген жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Кара-Көлдө өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча жабырлануучу тарап 11-апрель күнү Кара-Көл ШИИБне арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып териштирүү башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 31-март күнү болгону такталган жана Кыргыз Республикасынын КЖКнын 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 18-апрель күнү 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну Т.А. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-97-беренелеринин негизинде камакка алынган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты