Кара-Буурада эки адам күйдүргү жугузуп алды

  • 2 года мурун

Талас облусунун Кара-Буура районунда эки адамдан күйдүргү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык.

14-июлда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрт адам күйдүргүгө шек саналып ооруканага жаткырылган. Алардын биринчи тапшырган анализдери таза чыкканы айтылган. Ал эми союлган малдын этин алган он үй-бүлөдөгү 53 адам көзөмөлдө турат.

«Азаттык» радиосу оору катталган Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Чомотоевдин маалыматына таянып, айылга ветеринардык чектөөлөр киргизилгенин жазды.

«Айылдын кире беришине ветеринардык пост коюлду. Эртең мал базар болот, ошого байланыштуу айылдагы малды сыртка чыгарбайбыз. Базарга да жөнөтпөйбүз. Ошондой эле сүт менен этти да айылдан алып чыгууга убактылуу чектөө киргиздик», — деп билдирген Чомотоев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты