Кара-Буура районунда оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, 3 адам жаракат алды
- 2 года мурун
Кара-Буура районунда оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкты.
Муну бөлүшүү