Кара-Балтада жарандык никедеги аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облсунун Кара-Балта шаарында жарандык никедеги аялынын башын кесип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 21-июнда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен башы кесилип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум 1975-жылы туулган А.А. экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.Н. кармалып, Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ал Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөнү белгилүү болду.

Тергөөнүн алдын ала версиясына ылайык, шектүү жарандык никедеги аялын башка эркектен кызганып, бычак менен сайгылап өлтүргөн. Кийин кылмышты жашыруу үчүн аялдын башын кесип алып, өзүнчө көмгөн, сөөктү арыкка таштап кеткен.

Шектүү күнөөсүн моюнуна толук алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп берген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты