Кара-Балтада ишкерди атып кетишти

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, сөөк табылганы тууралуу билдирүү кечээ, 1-декабрда таңкы саат 7:48де түшкөн.

Маркумдун өздүгү такталып, ал 49 жаштагы Х.И. аттуу адам экени белгилүү болду.

Милиция билдиргендей, маркумдун башына атып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, маркум ишкердик менен алектенгенин жазды. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап алып, милицияга кабар беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты