Кара-Балта тоо-кен комбинаты 2023-жылдын мартында толук кубаттуулукта иштейт  

Президент Садыр Жапаров  19-октябрда, металлургия тармагынын флагманы – Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, заводдун жетекчилиги 2019-жылдын декабрында Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин казууга жана иштетүүгө тыюу салууну киргизүү менен комбинат уран концентраттарын кайра иштетүүнү токтоткондугун билдирди. Негизги цех консервацияланып, бирок бардык жабдуулар сакталып калган.

Комбинаттын кадрдык дараметин сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып жаңы өндүрүш – курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүү ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык кайра иштетүүсү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты түзөт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартында күтүлүүдө. Шаар түзүүчү комбинат Чүй облусунда 220 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Президент Садыр Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана Кара-Балта тоо-кен комбинатынын дараметин жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты