«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы этил спиртин өндүрүүнү баштады

  • 2 года мурун

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы крахмал камтыган сырьенун негизинде этил спиртин өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, президенттин «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, токтоп турган «Кара-Балта спирт заводу» ишке киргизилген. 

Бул заводдо акыркы жолу 2015-жылы крахмал камтыган сырга (буудай данына) этил спирти өндүрүлүп, 7 жылдан бери «Люкс» классындагы спирт өндүрүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө 5800 декалитр «Люкс» классындагы спирт даярдалды.

Заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 878,640 тонна буудай даны алынып, сырье сатып алуу үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 5 миң тонна буудай данын карыз алуу тартибинде берүү боюнча келишим түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты