Кара-Балта шаарындагы «Эркин» базарынан өрт чыкты
- 2 года мурун
Кара-Балта шаарындагы «Эркин» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
19-январь күнү саат 15:11 чамасында Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынынын, Труд көчөсүндө жайгашкан “Эркин” базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине №22 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 15:32 өрт чектөөгө алынып толук саат 16:27 өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 25 чарчы метр болгон жашылча-жемиш саткан 2 контейнер толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Муну бөлүшүү