Кара-Балта дарыясында изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылды

  • 1 год мурун

Кара-Балта дарыясында изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн таңга маал саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси суудан табылды.

Маалым болгондой 5-июнь күнү, саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында аыгп өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-ж.т. А.Э. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

5-июнь күнү жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 6 суучул тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты