Кар көчкүдөн улам Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

  • 1 год мурун

16-февралда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 302-303-чакырымына кар көчкү түшүп, түнкү саат 00.30 чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан өзгөчө кырдаал киргизилип, адамдардын жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.

Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Нарындагы өкүлчүлүк айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жолго чыкпай турууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты