Кантта милиция кызматкерин сабоого шектелген жарандар кармалышты
- 2 года мурун
Кантта милиция кызматкерин сабоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-апрелде саат 4:00 чамасында Ысык-Ата районунун Кант шаарынын Гагарин жана Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз адамдар К.Р. аттуу жарандын денесине себепсиз залал келтирген. 1991-жылы туулган жаран алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр 1989-жылы туулган Д.А., 1991-жылы туулган И.Т. жана 1989-жылы туулган Э.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Муну бөлүшүү




