Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулары айтылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Кант жана Кара-Балта шаарларына жаңы заводдор курулат. Бул тууралуу Түркия өлкөсүнөн келген инвесторлор президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен жолугушуу учурунда билдиришти.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, ишкерлер Кант шаарына пластик тетиктерди, асфальт чыгаруучу заводдорду жана Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырышууда. Инвесторлор ар бир долбоорго 5 миллиондон, 15-25 миллионго чейин доллар сарпталарын билдиришти.

Ошондой эле, түркиялык инвесторлордун айтымында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод куруу маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты