Канатбек Чыныбаев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Канатбек Чыныбаев КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ал эми буга чейинки министр Урматбек Шамырканов кызматынан бошотулган.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин карап чыгып, аны министр кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Белгилей кетсек, 10-март күнү президент Садыр Жапаров Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Буга чейин ал Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын аркалап келген.
Муну бөлүшүү




