Каналга түшүп кеткен үчүнчү жарандын сөөгү табылды

  • 6 месяцев мурун

1-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 30-декабрда Бишкек ЖЭБинин техникалык каналына түшүп кеткен үчүнчү жарандын да сөөгүн табышты.

Буга чейин маалым болгондой, Бишкектин «Тазалык» ишканасынын үч кызматкери 30-декабрда таңкы саат 08:00-08:30 чамасында жумушун бүтүрүп келе жатып каналга түшүп кеткен. Алар кандайча каналга түшүп кеткени белгисиз.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сууга чөгүп кеткен жумушчулардын жакындарына жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты