Каналдан кишинин сөөгү табылды

  • 3 года мурун

16-октябрда, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Чокан Валиханов көчөсүндө 10-октябрда  каналга түшүп кеткен 1986-жылы туулган С.Т. аттуу эркек кишини издеп жаткан учурда куткаруучулар башка кишинин сөөгүн табышкан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу С. Т. ны издеп жатканда болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз эркек кишинин сөөгү Кантемир көчөсү тараптагы Чоң-Чүй каналынан  табылды. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Издөө иштери 17-октябрда улантылат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты