“Канадада эмдөө алган аялдар жансыз балдарды төрөп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

27-ноябрь күнү World-Signals News сайтында “Covid-19га каршы эмдөө алган 86 аялдын баласы жансыз төрөлдү. Жылына бул көрсөткүч 1-6ны түзсө бул жылы кескин көбөйгөн. Бул өтө адаттан тыш көрүнүш” деген маалымат чыккан. 

“Канадада эмдөө алган аялдар жансыз балдарды төрөп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Маалыматты тараткан адамдын ооруканага тиешеси жок

Интернет желесине тараган видео Канаданын Ванкувер шаарында “коронавирустук чектөөлөргө каршы” уюштурулган митингде тартылган. Анда, Түндүк Ванкувердеги Lions Gate ооруканасында 24 сааттын ичинде 13 бала өлүк төрөлгөн деген маалымат айтылат. Бул жөнүндө, өзүн доктор деп тааныштырган Даниел Нагасе айткан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, Даниел Нагасе Ванкуверден 990 чакырым узактыкта жайгашкан Альберта шаарындагы Alberta Health Services ооруканасында иштейт. Башкача айтканда жогоруда аты аталган  Lions Gate ооруканасы менен Нагасенин байланышы жок болгон. 

Видеодо айтылгандар боюнча  Lions Gate ооруканасы билдирүү таратып, бул маалымат калп экенин билдиришкен:

«Бул дооматтын эч кандай чындыгы жок жана бул жалган маалыматты тараткан адамдардын да  Lions Gate ооруканасына тиешеси жок. COVID-19 пандемиясынын учурунда оорукананын аймагында өлүү төрөлгөндөрдүн саны боюнча эч кандай олуттуу өзгөрүү болгон жок», — деп айтылат маалыматта. 

Статистикада олуттуу өзгөрүү болгон эмес 

18-ноябрда “The New England journal of Medicine” журналына жарыяланган изилдөөдө, мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрөт учурунда жансыз төрөлгөн балдардын саны өтө жогорулабаганы белгилүү болгон.

“Канадада эмдөө алган аялдар жансыз балдарды төрөп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Окумуштуулар бир жылга жакын убакыт аралыгында Норвегиядагы 13 миң 956 кош бойлуу аялга көзөмөл жүргүзүшкөн. Натыйжада, балдары жансыз төрөлгөн аялдарда, эмдөө албагандар менен коронавируска каршы эмделгендердин арасында көп айырма болгон эмес. Ошондой эле мурдагы жылдарга салыштырмалуу да көп өзгөрүү байкалган эмес.

Мындан сырткары, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун изилдөөсүнө ылайык, 2020-жылдын мартынан 2021-жылдын сентябрына чейин балдары жансыз төрөлгөн аялдардын 0,64%ы эмдөөдөн өткөн эмес, жана коронавирус менен оорушкан эмес. Ал эми, алардын арасынан 1, 26%ы коронавирус менен ооруган аялдар болушкан. Окумуштуулар, кош бойлуу аялдарга эмдөө эмес, коронавирустун жаңы штаммдары коркунучтуу экенин айтышкан. 

Алсак, Индияда таралган коронавирустун жаңы штаммы “Дельта” кош бойлуу аялдарга да зыян экени айтылган. 

“Канадада эмдөө алган аялдар жансыз балдарды төрөп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму коронавируска каршы коллективдүү иммунитет пайда кылуу үчүн дүйнө калкынын 70%-80%ы иммунизациядан өтүшү керек экенин айтып келишет. 

Жыйынтык: Канадада эмдөө алган аялдардын балдары жансыз төрөлүп жатат деген маалымат манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты