Камчыбек Ташиевдин бажасынын камактагы мөөнөтү узартылды

  • 1 месяц мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин алдамчылыкка шек саналып кармалган бажасынын камактагы мөөнөтүн узартты.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 9-августта сот шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны 11-сентябрга чейин камакта калтырган.

Камчыбек Ташиевдин бажасы (А.Т.О.) Түркиянын жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден көп суммадагы акча алган деген шек менен кармалганы июль айында белгилүү болгон.

Атайын кызматтын төрагасы 19-июлда Ош шаарынын мэриясындагы жыйында мыйзам бузгандар бийликте отурган адамдардын жакындары экенине карабастан жоопко тартыла турганын, кармалган шектүү кайнежесини күйөөсү экенин билдирген.

“УКМК коомчулукка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын коомчулукка билдирүүнү туура көрдү. Тергөө А.Т.О. Түркия жараны А.С. менен сүйлөшүп алып, алдоо жолу менен жана ишенимден пайдаланып, жергиликтүү ишкердин ири суммадагы акча каражаттарын ээлеп алган. Жабыркаган жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Жакын туугандык мамилеге карабай, УКМК төрагасы К. Ташиев объективдүү иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдар боюнча юридикалык баа берүү тапшырмасын берген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

17-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын бир катар ЖМК жеке булактарына таянып, жазып чыкты.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты