Камчыбек Ташиев УКМК ардагерлерине күбөлүк тапшырды

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 17-сентябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин (УКМК)  төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын мурдагы төрагалары, ошондой эле генерал наамындагы экс-орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү. 

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК төрагасы тарабынан чакырылгандардын баарына, коопсуздук органдарынын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүк тапшырылды. Алардын арасында Таштемир Айтбаев, Феликс Кулов, Болот Жанузаков, Бусурманкул Табалдиев, Шамил Атаханов, Турдубек Алмаматов, Мирослав Ниязов, Токон Мамытов жана башкалар бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Камчыбек Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын канааттандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

УКМКнын экс-жетекчилери менен жолугушууда улуттук, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу көйгөйлөрү, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук атайын кызматтардын алдында турган милдеттер талкууланды.

Өлкөдөгү реформалардын жүрүшү жана ишке ашырылышы, дүйнөдөгү глобалдуу өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөрдү жеңүүнүн келечектүү жолдору, ошондой эле мында күч органдарынын гана эмес, бүткүл күч блогунун ардагерлеринин ролу, коомдук-саясий түзүлүштөр менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселе козголду.

Камчыбек Ташиев УКМК ардагерлерине күбөлүк тапшырды
Камчыбек Ташиев УКМК ардагерлерине күбөлүк тапшырды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты