Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 автоунаа тапшырды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 2-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 жаңы автонунаа тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришт.
«Бул унаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жаңылоо аракеттеринин алкагында алынды. 2024-жыл ичинде Сузак райондук милиция бөлүмунө жаңы имарат курулат. Тартип сакчыларынын айлык маяналары жогорулатылат жана башка кызматтык керектөөлөрүн камсыз кылуу аракеттери күчөтүлөт. Ошол эле учурда, Ички иштер органдарындагы мыйзамсыз аракеттерге, коррупцияга каршы күрөшүү жагы дагы күчөтүлөт. Мекенге таза,татыктуу кызмат кылыңыздар. Мамлекеттик органдарда Кыргызстаныбызды чын дилинен сүйгөн адамдар гана иштеши керек!» — деди Камчыбек Ташиев.
Автоунааларды тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана Сузак РИИБнин өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери катышты. Унаалар райондогу аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө ыйгарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты