Камчыбек Ташиев шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

Социалдык тармактарда “Талапкердин өзү жана анын жакындары шайлоодо кайрымдуулук иштерин жасоого тыюу салынат деп мыйзамда жазылыптыр. 3 күн мурун Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылындагы муктаж үй-бүлөгө өз каражатынан турак-жай куруп берди деген маалымат сайттарга чыкты. Ага эмнеге чара көрүлбөйт” деген маалыматтар чыкты. 

Камчыбек Ташиев шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү

Регион телеканалы 23-октябрда Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы муктаж үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай куруп бергени туралуу репортаж чыгарган. Репортажда Камчыбек Ташиев өзү барып, ачкычты өзү тапшырганын көрүүгө болот. 

Камчыбек Ташиев шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев буга чейин парламенттик шайлоого бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округу боюнча болуп аттанып жатат

Камчыбек Ташиев шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

Ташиевдерге карата түшкөн арыз

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна (УКМК) УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн арыз келип түштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) КГОР тарабынан Сузак районунун Барпы айылынан Муратовдордун үй-бүлөсүнө жеке үйдүн ачкычы тапшырылып, аталган турак жайларды каржылоо жана куруу иштери УКМКнын башчысы тарабынан жүргүзүлгөн. Учурда арыз каралып жатта.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө КРдин Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык (Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги),  талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

Камчыбек Ташиев шайлоо мыйзамын бузду. Текшеребиз

Жыйынтык: Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө КРдин Конституциялык мыйзамынын 28-беренесин бузгандыгы чын. Бирок, БШК бул боюнча чечимин чыгара элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты