Камчыбек Ташиев сел жүргөн аймактардан кабар алды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-июлда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

УКМК төрагасы тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты.

Камчыбек Ташиев селден жабыркаган жергиликтүү тургундардан кабар алып, турак-жайлары жараксыз болгон жарандарга жана селден каза болгондорго мамлекет тарабынан даректүү жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар менен кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыруу жаатында сүйлөштү. Эгерде камсыздандырылса, өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүү алда канча жеңил болоруна токтолду.

14-июлдагы нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган. 15-июлда Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү табылган. 16-июлда, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын сөөгү Өзбекстан куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты