Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча пикирин айтты

  • 1 год мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби, кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп жатат, биз жалпы бардыгыбыздын биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз.

Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок, мен бир гана нерсени баса белгилегим келет – мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты