Камчыбек Ташиев паспорт алууга жардам сурап кайрылган тургунга документтерин тапшырды

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Жибек жолу кичи районунун (мурдагы Он-Адыр аймагы) тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оятилло Абдурахимжанов 2024-жылдын башында Камчыбек Ташиевге Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин айтып кайрылып, андан жардам берүүсүн суранган.

УКМК билдиргендей, 19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов учурда Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү. Буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты