Камчыбек Ташиев Нарын облусуна 15 млрд сом бөлүнгөнүн айтты

  • 10 месяцев мурун

Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 млрд сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында атайын жана айыл чарба техникаларын тапшыруу аземинде айтты.

Облустун аймагында 127 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө.

Президенттин турукташтыруу фондунун эсебинен коомдук мончо, балдар оюн аянты жана Инновациялык креативдүү демилгелер борбору курулуп жатат.

Мындан тышкары, аймакта «Жээк» аллеясы да курулары айтылды.

Нарын шаарын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоорду ишке ашырууга президенттин турукташтыруу фондунан 807 млн сом бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты