Камчыбек Ташиев: «Мен жоопкерчиликтүү кызматта турам, кызматтан убактылуу четтегенге болбойт»

  • 2 года мурун

«Мен жоопкерчиликтүү кызматта турам, кызматтан убактылуу четтегенге болбойт», — деп бүгүн, 21-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Азаттыктын» журналистинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Моралдык жоопкерчиликти ар бир адам үчүн сезем. Ал киши үчүн эле эмес, бардык кишилер үчүн сезгенге милдеттүүмүн. Комиссия бизге мүмкүнчүлүк түзүп бергиле деген өтүнүч келтирди. Мен бардык мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз деп айттым. Камералардын ичине чейин көрсөтөбүз. Эртеңден баштап комиссия келет. Биз аларга бүт мүмкүнчүлүк, шарт түзүп беребиз», — деди Ташиев.

Бүгүн саясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты