Камчыбек Ташиев: «Марат Казакпаевге карата кыйноо болгон эмес»

  • 2 года мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саясат талдоочу Марат Казакпаевге карата кыйноо болбогонун айтты. Бул тууралуу ал «Новые лица» сайтына берген маегинде билдирди.

«Казакпаевге карата кыйноолор болгонун айтып жатышат. Бул калп. Мындай эч качан болгон эмес, болбойт дагы. Сотто камакка алуу чечими чыкканда дагы бардык бизнесмендер, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер биздин УКМКнын СИЗОсунда болууну суранышат. Анткени бул жерде эч ким эч качан кысымга алынбайт. СИЗОнун сыртында жана ичинде коридорлордо видеокамералар бар, ким кирип-чыгып жатканын жазып, бардык сүйлөшүүлөр толук жазылып турат», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты