Камчыбек Ташиев: «Кримтөбөлдөр, тынч жашай албасаңар, анда өлкөдөн чыгып кеткиле»

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы да күчөтүлөрүн билдирди. Өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып, Ташиев мындай топтордун башчыларын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

«Кыргызстаныбызда эч кандай уюшма кылмыш топтору, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыш топтору толугу менен жоюлат. Менин сөздөрүмдү жөнөкөй эле жарандар эмес, уюшкан кылмыш топтору, бандиттер дагы угуп отурса керек. Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы — Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтордун жетекчилери, эгер Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, анда өлкөдө чыгып кеткиле. Эгер мындай топтун Кыргызстандан чыкпаган жетекчиси болсо ал жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам»,-деди Ташиев.

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты