Камчыбек Ташиев: «Каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурайм»

  • 2 года мурун
Камчыбек Ташиев: «Каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурайм»

Бүгүн, 19-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурады. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Бүгүн мамлекеттик аза күтүү күнү. Ар бир кыргыз элине көңүл айтам. Буюрса бул күндөр өтөт.

Ушул жерде каза болгон баатыр жоокерлердин жакындарына көңүл айтам. Ата-энелер жоокерлерди мамлекетке кызмат кылсын деп, элибизди колдосун деп тапшырды эле. Менин баламдай болуп калган жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Бирок мамлекетибиздин бүтүндүгүн, өлкөнүн чек арасын сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим этем. Ар бир жоокерлерим өздөрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин элим, жерим деп курман болушту. Урматтуу ата-энелер мен силердин алдыңарда жоопкермин. Балдарыңарды сактап бере алган жокмун. Дагы бир жолу элимден, журтумдан, каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурайм.

Азыркы учурда кырдаал оор жана туруктуу. Оор техникаларды чек аралардан алып кетүү процесси жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Көптөгөн үйлөр жабыркаган.

Кемчиликтер бар, моюнга алышыбыз керек. Бардыгы тегиз болуп жатат деп айтуудан алысмын. Сабыр кылыңыздар», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты