Камчыбек Ташиев: «Күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тирешүүлөр» башталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт»

  • 2 года мурун
Камчыбек Ташиев: «Күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тирешүүлөр» башталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт»

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош жана Ош облусту боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн кармалышына байланыштуу комментарий берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, тергөөчүнү кармоо Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында жүргүзүлгөн.

«Мага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү пара талап кылып жаткандыгы боюнча жарандан арыз түшкөн. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тирешүүлөр» башталганы тууралуу билдирүүлөрдүн бардыгы чындыкка дал келбейт. Бардык чечимдер мамлекет башчысынын жетекчилиги астында кабыл алынат. Тергөөчүнүн кармалышы укук коргоо органдары биргелешип жүргүзүп жаткан атайын операция. Эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалган жок. Бул көзөмөл, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын катарын абийирсиз, таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракети. РИИБ жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу ушундай эле маалымат. Мыйзам бузган ар бир адам ээлеген кызматына жана жакындыгына карабастан жоопкерчиликке тартылат», — деди Камчыбек Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты