Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин айтты

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга 22-июлда берген интервьюсунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу жооп берди.

«Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишевага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат» деди Ташиев.

Ошондой эле Бишкек арак заводун, Ысык-Көлдө 18 гектар жерди да мыйзамсыз алып, пансионат салып алышканын белгиледи. УКМКнын төрагасы ал жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын, Бишкек арак заводунун ордуна мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй салынарып, банкты сатылып, акчасы курулушка жумшаларын билдирди.

«Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элге үй салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз» деди УКМК төрагасы.

Экс-депутат, Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатынын ээси, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакта болот. Ал эми экинчи кызы Бегимай Турсунбекованын жаш баласы болгондуктан,  24-августка чейин үй камагына алынган.

Райондук соттун маалыматында айтылгандай, Айдай жана Бегимай Турсунбековаларга кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатына жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз чыгарылганын билдирген.

2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Акун” пансионатына тиешелүү баасы 371 миллион сомго бааланган 17,65 га жерди мамлекетке кайтарган.

Айдай Турсунбекова жердин бардык документтери мыйзамдуу экенин билдирген.

«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын июль айында пандемия учурунда дүйнөдөн кайткан.

Сүрөттө: Чыныбай Турсунбеков кызы Айдай менен. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты