Камчыбек Ташиев Болот Темиров тууралуу: «Аны өлкөдөн чыгарып салганын кечинде билдим»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу маселе көтөрдү.

«Каалаганын коркутуп, каалагандай кылып жатасыздар. Депутатты кабинеттен кууп чыктыңыз. Бул жакта отургандар сүйлөй албай калышты. Кечээ болсо кыргыз жаранын кууп салдыңар. Сизге жакпагандарды кууп, атып салбайсыңарбы?» — деп Сурабалдиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Темиров өлкөдөн чыгарылганын кечинде билгенин айтты. «Менин сиз менен байланышым жок, ким менен байланышыңыз болсо ошого таарыныңыз. Кечээ жараныңызга сот чечим чыгарды, ИИМ тергөө жүргүздү. Менин кандай тиешем бар? Мен бул тууралуу билген да эмесмин. Иш сапарлар менен жүрөм. Кечинде билдим», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты