Ташиев “Ата журт” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай тургандыгын билдирди

  • 3 дня мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек «Ата журт» партиясы» жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай тургандыгын Фейсбук баракчасында билдирди.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча жер-жерлерде депутат болом деген талапкерлер “Ата-Журт” партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жерлерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатыптыр. Арасында көпчүлүгү баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр. Урматтуу мекендештер! “Ата-Журт” партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт” деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев эмнеге партия жергиликтүү шайлоолорго катышпай тургандыгын мындайча түшүндүрдү:

“Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын. Албетте сиздер тараптан: “Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?”деген суроо болот. Чынымды айтсам ал убакта чырм эткенге убакыт жок, иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин” деди ал.  

“Бийликте туруп, бардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды” деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым” деп билдирди Камчыбек Ташиев.  

Президент Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты