Камчыбек Ташиев 6 баланын энесине 3 бөлмөлүү батир белекке берди

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 27-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирди белекке берди. 

Маалыматка ылайык, Эльза Тюрегелдиева балдарын жалгыз өзү тарбиялап келет. Буга чейин өзүнө таандык үйү болбогондуктан, балдары менен батирлеп жашап жүргөн. Ушуга байланыштуу, ал 2025-жылдын декабрь айынын башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, көмөк көрсөтүүнү суранган.

Кайрылуунун жыйынтыгында, кыска убакыт ичинде оң чечим кабыл алынып, Камчыбек Ташиев көп балалуу энеге бардык шарттары түзүлгөн, тиричилик эмеректери менен камсыздалган 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тиешелүү документтери менен тапшырды. Ошондой эле балдарга чакан белектер берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев эне менен балдарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты