Камчы Көлбаевдин апасына соттук чечим чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага карата соттук чечим чыгарылды. Бул тууралуу «Kaktus.media» күч органдарына шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 8-августта сот Мая Алиеваны «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 1 жылга пробациялык мөөнөт менен 7 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаевдин апасы “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталып, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 2024-жылы 17-апрелде келип түшүп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүргөн. Андан кийин бул иш боюнча айыптоочу Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан эркинен ажыратууну суранган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты