“Камбар-Ата-1” ГЭСинин негиздемесин түзүүгө Өзбекстан жана Казакстан дагы катышууда

  • 2 года мурун

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусунда иштелип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан аталган ГЭСти өз күчү менен кура аларын, бирок көп убакытты жана каражатты талап кыларын айтып, быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду куруу иштери башталарын билдирди.

«Ал эми ГЭСти куруу иштерине кошуна Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда Техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан, эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот», — деди президент.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты