«Камаш керек». Дайырбек Орунбеков Атай Бейшенбекке жазганы боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун


Блогер Атай Бейшенбек президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ага адашып жазып алганын Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда Дайырбек Орунбеков «Каматыш керек муну. Астына комментарий жазып. Мисалы кыргыз-өзбек мамилесин буза турган. Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы» деп жазганын көрүүгө болот.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - 311599777_2254214894756078_4538961174598547983_n.jpg

Блогер Атай Бейшенбек Фейсбук баракчасына бул телефон номер Дайырбек Орунбековго таандык экенин жазып чыкты. «Адамды камап коюш ушунча оңой болуп калды беле? Түндө кызык окуя болду, Whatsapp номериме, 3-октябрда жазып, 10-октябрда чалган номерден төмөндөгүдөй кат келди. Эң кызыгы сүрөттү «переслать» кылган, текстти өзү жазган.

Эртең менен жолугуп сүйлөштүк, тыңыраак бул кылыгын түшүндүрүп бере алган жок. Демек бул ойлор жеке өзүнөн чыккан деген шек менен эле калдым.

Достор, дагы бир ирет белгилеп өтөйүн, кыргыз-өзбек чек ара маселесинде биз эки элдин ортосундагы чагымчылдыкка жол бербейли», — деп жазды Атай Бейшенбек.

Мындан көп өтпөй Дайырбек Орунбеков билдирүү жазды. Ал Атай Бейшенбек толук скриншотту чыгарбаганын билдирди.

«Атай Бейшенбекке кайрылдым эле. Себеби, анын жазганын соцтармакта бөлүшүп “чагымчылдык кылып жатат, камап салыш керек” деп талкуулап башташты. Анын мазмуну, “Атай, обу жоктонбо. Чалса жооп бербейсиң, эки элдин мамилесин бузуп жатат, камап салбайсыңарбы деп ар ким кайрылып баштады” деп жазгам. Бул экөөбүздүн ортодогу переписка болчу. Аны “скриншот” кылып алып, пост жазып салыптыр. Популизмдин дагы чеги болуш керек. Мындан тышкары жеке жазышкан катты жарыялоо адамдын тарбиясынын күзгүсү. Үйрөткөн акылдарын, айткан кеңештерин келип жардам бер, мамлекетке чындап эле күйүп жатсаң чогуу иштейли десең, уккусу дагы жок. Кызыгы, “скриншот” кылып жатканда өзүнө керектүү жерин гана жарыялаптыр. Толук мазмуну мындай. Кошуналар менен аймактарыбызды тактап, түбөлүк достукта жашайлыбы же “акыл үйрөткүчтөрдүн” чагымчыл аракеттерин ээрчийлиби?,-деген суроо көпчүлүктү кооптондурат. Башка маселеде популисттик чакырыктар менен өзүнө көңүл бурдурса мейли, абдан маанилүү саясатка аралашып, сүйлөшүүнүн натыйжасына терс таасирин тийгизгенге аракет кылгандарды, аша чапкандык деп эсептейм», — деп жазды Орунбеков.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - 310764132_5510725942341135_5892637536457794822_n-1500x1500.jpg

Дайырбек Орунбеков жарыялаган скриншотто саат 00:19да «Каматыш керек муну. Астына комментарий жазып. Мисалы кыргыз-өзбек мамилесин буза турган. Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы» деп жазганы турат. Ал эми «Деп жазып жатышат ар ким. Этият анан обу жоктонбочу Атай. Эмне эле болуп жатасың? Же чакырса келбейсиң же сөздү укпайсың» деп жазганы саат 07:11де жазылганын көрүүгө болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты