Камала Харрис вице-президенттикке талапкер кылып Тим Уолзду тандады

  • 1 месяц мурун

АКШда президенттикке демократтардан талапкер, өлкөнүн азыркы вице-президенти Камала Харрис болочок вице-президенттикке талапкер катары Миннесотанын губернатору Тим Уолзду тандады.

Бул тууралуу ал 6-августта «Х» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу расмий жарыялады.

Кесиби боюнча мугалим, 60 жаштагы Уолз АКШ армиясынын Улуттук гвардиясында кызмат кылган, Миннесотанын губернатору болуп 2018-жылы шайланган. Ал климаттын өзгөрүшү, аял укуктарына байланыштуу маселелер боюнча прогрессивдүү көз карашы менен таанымал саясатчы.

Бул Камала Харристин президенттикке талапкер катары алгачкы маанилүү чечими жана ноябрда өтө турган шайлоого карай кезектеги кадамы.

Камала Харрис АКШнын вице-президенти кызматына жеткен алгачкы аял жана алгачкы афро-америкалык жаран.

Ал вице-президенттикке Тим Уолзду же Пенсильваниянын губернатору Жош Шапирону сунуштаганы жатканы буга чейин кабарланган.

Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өтөт.

Республикачылардын партиясынан расмий талапкер катары мурдагы президент Доналд Трамп көрсөтүлгөн.

Сүрөттө: Демократиялык партиядан АКШнын президенти кызматына талапкер Камала Харрис жана анын вице-президенттикке талапкери Тим Уолз. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты