Камала Харрис президенттик жарышта Байдендин ордун алмаштырууга даяр

  • 2 месяца мурун

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Демократиялык партиядан расмий талапкер болууга жана 2024-жылдын ноябрында өтө турган шайлоодо Республикалык партиянын талапкери Дональд Трампты жеңүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Шайлоого катышуудан баш тарткан Жо Байден Харристи президенттикке талапкер катары көрсөтүүнү сунуштаган.

Харрис өзүнүн талапкерлиги үчүн Байденге ыраазычылык билдирип, анын президенттик жарыштан баш тартуу чечимин «жан аябас жана патриоттук» деп атады. «Шайлоого чейин 107 күнүбүз бар. Бирге күрөшөбүз. Бирге жеңебиз»деди Харрис.

АКШнын мурдагы президенти жана мамлекеттик катчысы – Клионтондордун үй-бүлөсү буга чейин Харристин талапкерлигин колдоп чыгышкан. Билл жана Хиллари Клинтондор «X» социалдык түйүнүндөгү баракчаларына жарыялаган билдирүүсүндө: «Азыр Камала Харристи колдоп, анын шайлануусу үчүн күрөшө турган мезгил келди» деп жазышкан.

Экс-президент Барак Обама азырынча Харристи түз колдоодон карманууда.

Демократиялык партиянын талапкери 19-22-августта партиянын улуттук съездинде расмий түрдө бекитилет деп күтүлүүдө.

Камала Харристен тышкары, партиянын ыктымал талапкерлери катары Калифорниядан демократ-губернаторлор Гэвин Ньюсом, Мичигандан Гретчен Уитмер жана Пенсильваниядан Жош Шапиронун ысымдары да аталууда.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты