Камактагы журналист Тыныстан Асыпбеков депутаттарга кайрылуу жасады

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда «ПолитКлиника» медиасынын иликтөөчү Тыныстан Асыпбековдун баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Тыныстан Асыпбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады.

«Жогорку Кеңештин кайдыгер эмес депутаттарына кайрылам. Биздин иш боюнча депутаттык комиссия түзүп, көз салып койсо жакшы болот эле. Биздин иште эч бир күнөөсүз адамдардын укуктары тебеленүүдө. Укуктар тебелене берсе укуктук мамлекет болбой калабыз. Мен жумуштан (ред. «Темиров Лайв») кеткениме эки жыл болуп калды. Азыркы видео 2023-жылдын аягында тартылган экен. Тергөө тарап эч кандай далили жок мага окшогон адамдарды камап жатат. Депутаттар бул ишке көз салып койбосо укук тебеленип, башаламандык уланып жатат. Ушуга маани берип койсоңуздар. Сөз эркиндиги Кыргызстанга керек», — деди Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты