Камактагы Адыл Акжол уулунун апасы бийликке кайрылды

  • 4 недели мурун

Камактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасап, уулун үй камагына чыгарууну суранды.

«Уулум эч жакка качып кетпейт. Кепилдигин өзүмө алам. Уулум тергөө абагында ден соолугу начарлап жатканын адвокаты аркылуу айтып жибериптир. Өтүнөрүм, сиздер мыйзамды карап, уулумду үй камагына чыгарып берсеңиздер» деди Акжол уулунун апасы.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккандыгы  белгилүү болду.

Адыл Акжол уулу өткөн жылы июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Сүрөттө: Адыл Акжол уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты