Камакта жаткан жаш журналист Айке Бейшекеева экинчи эл аралык сыйлыкка татыды

  • 1 неделя мурун

«Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун 23 жаштагы журналисти, учурда камакта жаткан Айке Бейшекеева “Эң туруктуу журналист” жана “Жаш журналист” номинациясында Free Press Awards эл аралык сыйлыгын жеңип алды.

Free Press Awards эл аралык сыйлыгы эркин журналистика жана көз карандысыз маалымат тарапта болгон журналисттерге жана жалпыга маалымдоо кызматкерлерине берилет.

Кечээ, 26-сентябрда Айке Бейшекеева укук жана эркиндикти коргоодо эр жүрөктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн жаштар арасындагы эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына татыктуу болгон эле. Сыйлык ыйгаруу Прага шаарында өткөн.

Айке Бейшекеева факт-чекинг боюнча адистешкен жаш журналист. Ал учурда Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан 11 журналисттин бири. Айке Бейшекеева тогуз айдан бери камакта жатат.

Эске сала кетсек, 11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгон эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты