Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу улантылууда

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушун улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда. Алуу иштеринен кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы аянты 1 390 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер участогунун аянты — 0,68 гектар.

Бекитилген долбоор боюнча имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, жууну бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык зал, кампа жана техникалык жайлар каралган.

Курулуш иштерин «Арай» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты