«Кайран Жогорку Кеңеш», «Нотариалдык конторага айланды». Мадумаров депутаттарга кайрылуу жасады

  • 2 года мурун
«Кайран Жогорку Кеңеш», «Нотариалдык конторага айланды». Мадумаров депутаттарга кайрылуу жасады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров эл өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.

«Күнүгө мыйзам долбоорлору кирип жатат. Кечээ сыясы кургай элек регламентибизге кошумча киргизели деген аракеттер болуп жатат. Депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мына ушулардан улам бир суроо пайда болот. Эмне үчүн ушул мыйзамдардын үстүнөн чакчалекей түшүп жатабыз? Мунун максаты бирөө гана Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы ордун төмөндөтүү, депутаттардын макамына шек келтирүү парламенттинр мамлекетте болуп жаткан окуяларга аракетин азайтуу. Биз өз колубуз менен, өз каалообуз менен, өз эркибиз менен тездетип жатканыбыз суроо туудурат. Жогорку Кеңеш эл өкүлдөрүбүз. Биз элдин айтканынан чыкпашыбыз керек, элдин кызыкчылыгын коргош керекпиз. Бирок чындыгына келгенде Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу пунктуна айланды же нотариалдык конторага айланды. Коомдо болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз жокко эсе.

Бизде 28 жаран мыйзамсыз кармалып отурат. Кечээ дарыгерлер эки кызыбыздын ден соолугун карап, ден соолугуна катуу коркунуч келип турат деп коңгуроо кагып жатат. Кайгылуу окуяга алып кетиши мүмкүн деп коңгуроо кагылды. Биз бул жерде эч нерсе болбогондой отурабыз. Коңгуроого президент же Жогорку Кеңеш кулак кагышы керек. Же сөзсүз Марат Казакбаевге окшоп сөөгү чыгышы керекпи? Бул жерде эч нерсе болбогондой болуп мыйзам кабыл алып отуруу кайдыгерлик деп аталат. 28 үй-бүлө сыздап отурат. Соңку кезде сүйлөгүм да келбейт, ушул жерге киргим да келбейт. Кайран Жогорку Кеңеш, кайран эл өкүлдөрү, эмнени өзгөртө алабыз? Өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып жатабыз?» — деди Мадумаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты